Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 1
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Стратегиялык экономикалык- социалдык өнүгүү планы бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII–чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата Стратегиялык экономикалык-социалдык өнүгүү планы долбоору боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Буркановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга түзүлгөн Стратегиялык экономикалык-социалдык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Иш пландарда көрсөтүлгөн маселелерди өз мөөнөтүндө даярдап отчетун алуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |