Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 2
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдан калган акча каражатын 2017-жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IIIсессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2016-жылдан калган 792,1 мин сом акча каражатын 2017-жылга түзүлгөн сметасына киргизүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2016- жылдан калган 792,2 миң сом акча каражаты №1,2 –тиркемеге ылайык бар экендигин белгиленсин.
2. Өткөн жылдан калган 792,2 миң сом төмөнкү чыгымдарга жумшалсын. Жергиликтүү бюджеттен калган калдык Р-701 3111-статьяга 266,9 миң сомдун ичинен 200,0 миң сом жаңы курулуш иштерине жана 66,9 миң сом Карача -айылындагы Карача баатырдын эстелигин куруу үчүн.
3. Атайын эсептик каражатта 2016-жылдан калган 525,3 миң сом акча Р-70911 2218-статьяга 280,0мин сом акча бала бакчалардын тамак ашына жумшалсын. Р-701 22154900-статьяга 245,3мин сом акчанын ичинен 165,3миң сому КЖАП, 80,0 миң сом Жон айылындагы кичи футболдук аянтчасынын курулушуна төлөнүучү акча.
4. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн Финансы -экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясын жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |