Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 3
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга түзүлүшүн бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III-сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы жана 2017-жылга түзүлгөн долбоорун бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Субанованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджети 2017-жылга киреше бөлүгү 11862,3 сомго анын ичинен атайын каражатка 700,0миң сом , чыгаша бөлүгү 11862,3 миң сомго анын ичинен атайын каражатка 700,0миң сомго ылайык бекитилсин.
3. 2017-жылы Республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджетине берилүүчү теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин жана биринчи орунда корголгон беренелерге, коммуналдык чыгымдарга жана тамак- аш беренелерине жумшалсын (тиркеме тиркелет) .
4. Резервдик фондго 120,0 миң сом каралсын.
5. Жаратылыштын күтүүсүздөн болуп жаткан табигый кырсыктары үчүн 150,0 миң сом акча каражаты каралсын.
6. Ушул сессиянын чечими менен 2017-жылга бекитилген бюджеттин тиркемелеринин суммасынын чегинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.
7. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын №17 беренесине ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министрлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.
8. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн төрт айылына бирден айыл башчы оруну бекитилсин.
9. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата аскерге милдеттүүлөрдүн саны үч миңден ашык болгондугуна байланыштуу айыл өкмөт боюнча төрт ВУС инспектору оруну бекитилсин.
10. Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү ветеринардык кызмат боюнча бир адис, архивдик иштерди жүргүзүү үчүн бир адис , суу техник менен электрикке бир адис оруну бекитилсин .
11. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү салыктарды өндүрүү салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
12. Биринчи орунда корголгон беренелерге эмгек акыларга жана коммуналдык чыгымдарга (электр энергияга) чыгымдоо жагы Ф.Э.Б башчысына милдеттендирилсин.
13. Атайын каражаттар эсебине киреше болуучу балдар бакчасына барган балдардын ата-энелеринен түшкөн акча каражаты сметага негиз тамак аш сатып алууга гана жумшалсын.
14. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
15. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |