Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 5
Жон айылынын тургуну Мурзаев Кочкорбайдын арызы жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III-сессиясы, Жон айылынын тургуну Мурзаев Кочкорбайдын Бешик-Жон айыл өкмөтүнө өз менчик турак жайы ээлеп турган жер аянты менен кошо Жон айылына балдар бакчасы деп пайдаланууга өзүнүн макулдугу менен бергендигине жана 2017-жылдын 1-январынан баштап ижара акы төлөп берүүсүн сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну Мурзаев Кочкорбайдын менчик турак жайын Жон айылына балдар бакчасына пайдаланууга берилгендиги боюнча 2017-жылдын 1-январынан баштап келишим түзүлүп, айына 5000(беш мин )сом өлчөмүндө ижара акы төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |