Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 6
Баткен согушунун күнүнө карата колдоо көрсөтүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын 2017-жылдагы чыгышы №02-9/171сандуу катын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин 464 токтомунун негизинде Бешик-Жон айыл аймагынан барып Баткен согушуна катышкан үч аскерге жергиликтүү бюджеттен 10000 (он миң) сом акча каражаты материалдык колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А. Масабиров |