Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 7
Аксакалдар сотунун төрагасы Сулайманкулов Жамалдиндин арызы жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасынын 2017-жылга эмгек акысын бекитип берүүсүн сурап кайрылган арызы боюнча угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун соттук процесстерине жумшалуучу иш кагаздары айыл өкмөттүн бюджетинен каржылансын жана аксакалдар сотунун төрагасына айына 2000( эки миң) сом акча каражаты эмгек акы катары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон аыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А. Масабиров |