Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 10
Жаңы конуш көчөлөрүнө ысым берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Карача айылынын тургуну Матаев Талайбектин айыл өкмөткө жазган атасы Матаев Токтосундун ысымын Карача айылындагы Шерматов Муса көчөсүнүн кесилишинен Нурмаматов Уландын үйүнө чейинки жаны көчөгө коюп берүүсүн сурап кайрылган арызынын негизинде өткөрүлгөн айылдык жыйындын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карача айылындагы Шерматов Муса көчөсүнүн кесилишиндеги Нурмаматов Уландын үйүнө чейин Булдуров Мадамбектин ысымы берилсин.
2. Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин жана токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |