Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 11
Материалдык жардам бөлүп берүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы, Жон айылынын тургуну Каландаров Кубанычтын айыл өкмөткө чоң суммада материалдык жардам сурап кайрылган арызы жана Бешик-Жон айылынын тургуну Тойгонбаева Гулнуранын 2017-жылдын 20-февралындагы материалдык жардам сурап кайрылган арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну Каландаров Кубаныч өтө оор акыбалдагы майып болуп, баспай калгандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен 10000(он миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам берилсин.
2. Бешик-Жон айылынын тургуну Тойгонбаева Гулнуранын көп жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп келгенин жана азыркы күндө күтүүсүздөн ооруп калгандыгын эске алып , жергиликтүү бюджеттен даарылануусу үчүн 10000(он миң) сом олчөмүндө материалдык жардам берилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |