Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 4/2
Жаңы-Алай айыл кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2015-жылдын киреше жана чыгаша жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2016 – жылдын киреше жана чыгаша жергиликтүү бюджетин жактыруу жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2015-жылдын киреше жана чыгаша жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2016-жылдын киреше жана чыгаша жргиликтүү бюджетин жактыруу үчүн Жаны-Алай айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 4371,9 миң сомго, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 4290,5 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 4984,8 миң сомго, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 4681,3 миң сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
3. Айыл өкмөттүн башчысы А.Исмаиловдун 2015-2016-жылдардагы жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгы тууралуу жасаган доклады канааттандыраарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин жана аткаруу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго, КЭБ башчысы К. Абдикаримовага жүктөлсүн.
Төрага | О. Акбашов |