Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 4/3
Жаңы - Алай айыл кеңешинин пландоо, бюджет,социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетинин жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2017-жылдын киреше жана чыгаша жергиликтүү бюджетин кабыл алуу, 2018-2019-жылдардын жергиликтүү бюджетин болжолдуу пландарын кабыл алуу жөнүндө
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин пландоо,бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетинин жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2017-жылдын киреше жана чыгаша жергиликтүү бюджетин кабыл алуу, 2018-2019-жылдардын жергиликтүү бюджетин болжолдуу пландарын кабыл алуу үчүн Жаны-Алай айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 5388,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше1080,2 миң сом,толуктоочу грант 3863,2 миң сом,атайын каражат 445,0 миң сомго кабыл алынсын. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 5388,4 миң сомго кабыл алынсын.
2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 5483,2 миң сомго, 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоор планы 5765,7 миң сомго божомолдонсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы К.Абдикаримовага жүктөлсүн.
Төрага | О. Акбашов |