Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 4/5
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2016-жылда көп топтолуп, жана иштетилбей калган 303,5 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2016 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагын белгилөө жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2016-жылда көп топтолуп, жана иштетилбей калган 303,5 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2016 - жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагы белгиленип, Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 99,1 миң сом, атайын каражаттан калган 1,2 миң сом жалпы 100,3 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша статьяларынын планына токтоо киргизилип чыгымдалсын:
Бөлүм (раздел) | Статья | Сумма |
Аппарат 70111 | Контрактык негизде эмгек акы төлөө 2111 | 60,0 |
| Социалдык фондко төлөм 2121 | 11,5 |
| Сапар чыгымына 2211 | 15,4 |
| Итого: | 86.9 |
|
|
|
Бала бакча 709 | Сапар чыгымы 2211 | 1,2 |
| Тамак азыктарын алуу 2218 жергиликтүү бюджет | 9,3 |
| Тамак азыктарын алуу 2218 атайын каражат | 1,2 |
| Итого: | 11,7 |
|
|
|
Орто мектеп 709 | Сапар чыгымы 2211 | 1,7 |
|
|
|
| Бардыгы: | 100,3 |
2. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын I- кварталы менен 50,2 миң сомду, II-кварталы менен 50,1 миң сомду жалпы 100,3 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, аткаруу айыл өкмөттүн К.Э.Б. башчысы К.Абдикаримовага милдеттендирилсин.
Төрага | О. Акбашов |