Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 2
Эмгекчил айылынын калкын таза суу менен тейлөөдө ИСКАКБнин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери боюнча отчету
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Н. Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айылынын калкын таза суу менен тейлөөдө ИСКАКБнин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Таза сууга төлөнүүчү төлөмдөр жан башына 10 (он) сомдон, үй ичинен пайдалангандар жылына 1000 (бир мин) сомдон болуп бекитилсин.
3. ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери боюнча кемчиликтер белгиленсин.
4. ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери боюнча отчеттуулугу жалпы элге маалымдалынсын. (отчет маалымат тактасына илинсин.)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго тапшырылсын.
Төрага | Н. Мусаев |