Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-августу № 1
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебиндеги каражаттан Эмгекчил айылындагы Т.Байбураев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтун жүргүзүүгө үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Н. Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулал сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Байбураев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтун жүргүзүүгө үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен 2994 451 (эки миллион тогуз жүз токсон төрт мин төрт жүз элүү бир) сом каржылана турган долбоорду ишке ашыруу максатында 2016-жылдын башындагы калдык акча каражатынан өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 748613 (жети жүз кырк сегиз мин алты жүз он үч) сом каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Токтосуновга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Курманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Мусаев |