Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 1/1
2015-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү, 2016-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо, Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү, бюджеттин 2018-2019-ж.ж.карата долбоорун кабыл алуу маселелери жөнүндө
2015-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү, 2016-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо, Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү, бюджеттин 2018-2019-ж.ж.карата долбоорун кабыл алуу маселелери боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Сүйүмбаев айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга киреше боюнча аткарылышы 3944,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга Таш-Дөбө айылынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 5260,4 миң сом анын ичинен; кирешеси 544,3 миң сом, теңдештирме гранты 4716,1миң сомго бекитилсин.
3. 2017-жылга Таш-Дөбө айылынын чыгашалар бөлүгү 5260,4 миң сом анын ичинен;
эмгек акыга 2276,6 миң сом, соцфондго 340,3 миң сом, командировкалык чыгымга 200,0 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 10,0 миң сом, транспорттук чыгымга 150,0 миң сом, ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга 513,8 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоо чыгымына 210,0 миң сом, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алууга 205,0 миң сом, таш көмүрдү сатып алууга 424,8 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 200,0 миң сом, жеңилдиктердин ордуна компенсациялар жана калкка жеңилдиктерге 20,0 миң сом, резервдик фондко 52,6 миң сом,машиналарды жана жбдууларды сатып алууга 650,0 миң сом жана атайын каражаттан ар кандай чыгымга 7,3 миң сомго бекитилсин.
4. Салыктар көлөмү 544,3 миң сомго бекитилсин анын ичинен; киреше салыгы 314,0 миң сом, патенттик негизде 32,4 миң сом, транспорттук каражаттарга төлөнүүчү салык 55,0 миң сом, огородго берилген жер тилкелерине төлөнүүчү жер салыгы 25,3 миң сом, айыл чарба жерлерин колдонууга төлөнүүчү жер салыгы 82,6 миң сом, сатуудан түшкөн салык 4,0 миң сом, ФПС жерлеринен алынуучу ижара төлөмү 4,0 миң сом, ФПС жерлеринен алынуучу ижара төлөмү 23,7 миң сом, атайын каражатка кызмат көрсөтүүдөн төлөнө турган кирешеге 7,3 миң сом.
5. 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша долбоору 11003,4 миң сом анын ичинен; кирешеси-574,3 миң сом, теңдештирме гранты 4927,4 миң сом, чыгашасы 5501,7 өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша долбоору 11622,2 миң сом анын
ичинен: кирешеси 609,3 миң сом, теңдештирме гранты 5202,0 миң сом, чыгашасы 5811,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө бюджеттик эмгек акыга, соцфондго, командировкалык чыгымдарга, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, транспорттук чыгымдарга жана башка ар кандай чыгымдарга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарды лимиттен ашпай иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
8. Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соцфонд, коммуналдык чыгымдар) каржылансын.
9. 2015-жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулоодо 2017-жылдын бюджетин талкуулап бекитүүдө айтылган сын сунуштардан мүмкүнчұлүккө жараша тыянак чыгарып, өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго, башкы бухгалтер К. Ибраимовго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мусаев |