Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 1/2
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 2016-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сарптоо жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 606 583,04 сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноков, «Нурислам» бала бакчасынын башчысы Т.Мамбеталиева, ФЭБ башчысы К.Ибраимов, ФАП кызматкери Г.Исакованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алуу менен, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык эсебиндеги 1-январь 2017-жылга карата 606583,04 сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарда пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
· АРИС аркылуу айылдын инфраструктурасын оңдоо долбоорунун алкагында Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинин жылуулук берүүчү системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө;
· Таш-Дөбө айылына көпүрө салууга өздүк салым үчүн 200000 миң сом;
· Таш-Дөбө орто мектебинин алдындагы 3 саатык программадагы «Нурислам» бала бакчасына учурдагы чарбалык максаттары үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алууларды алуу үчүн 30 000 сом;
· Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына, кеңсеге эмеректерди камсыз кылууларын жана шаймандарды сатып алууга 300000 миң сом;
· Таш-Дөбө айылындагы ФАП пунктуна компьютердик камсыз кылып алууга 35000 сом;
· Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө байланышытуу башка чыгашаларга 41583,04сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдон суралсын.
Төрага | М. Мусаев |