Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 1/5
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү бекер тейлөө жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Мойноков Алтынбек Каныбековичтин Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилип жаткан ар кандай мазмундагы маалымдамаларды (справкалар, кызмат көрсөтүүлөр) айыл тургундары үчүн бекер берүү боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаттарына билдирген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилип жаткан ар кандай мазмундагы маалымдамаларды (справкалар, кызмат көрсөтүүлөр) айыл тургундары үчүн бекер жазылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Р.Саткыновага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мусаев |