Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 1/4
Таш-Дөбө айыл аймагында «Нурислам» бала бакчасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагында «Нурислам» бала бакчасын уюштуруу боюнча Таш-Дөбө орто мектебинин астында уюштурулган 3 (үч) сааттык бала бакчанын башчысы Мамбеталиева Таалайкүлдүн кайрылуусун карап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Таш-Дөбө айыл аймагында «Нурислам» бала бакчасынын Уставы бекитилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мусаев |