Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 5
Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 8-январындагы № 4 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылдык Кеңешинин Жумгал Лама айылдарында таштанды тогуучу жайлар жоктугуна байланыштуу жер аянты таштанды төгүүгө , пайдаланууга Жумгал айылынан Кара Таш участкасынан 1 га, Лама айылына Кара Жон участкасынан 0,30 га болунуп берилгендиги тууралуу токтом, жер аянтынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Жумгал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылдык Кеңешинин Жумгал Лама айылдарында таштанды тогуучу жайлар жоктугуна байланыштуу жер аянты таштанды тогууго , пайдаланууга Жумгал айылынан Кара Таш участкасынан 1 га, Лама айылына Кара Жон участкасынан 0,30 га бөлүнүп берилгендиги тууралуу токтом, жер аянтынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Жумгал айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 8-январындагы № 4 токтому жокко чыгарылсын.
2. Жумгал айыл аймагына караштуу Жумгал, Лама айылдарында элдин таштанды төгүүчү жайдын жоктугуна байланыштуу, жер аянты элдин ден-соолугуна жана калкка коопсуздук келтирбегендей, экологиянын талаптарына ылайык жер аянтчасы бөлүнүп берилсин.
3. Жумгал айылына караштуу жер семирткич( удабрение) сактоочу складдын туштук тарабындагы коктудан 1,50 га жер аянтчасы, Жумгал айылынын элдерине таштанды тогуу учун пайдаланууга берилсин.
4. Кичи Кара Жон участкасында туштук тарабында жер семирткич(удабрение) тогуучу жердин коктусунан 0,50 га жер аянтчасы Лама айылынын элдерине таштанды төгүү үчүн пайдаланууга берилсин.
5.Таштанды тогуучу аянттардын жерлерин аныктоо, жерлерди ченеп берүү жана жер боюнча чечим, буйруктарын чыгарып беруу жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткрулуп, jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.
7. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |