Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 6
Могол айыл аймагынын Чарбак айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Могол айылдык Кеңешинин аймагында Могол айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүү максатында жана Чарбак айылынын тургундарынын арызынын негизинде, №16 орто мектебинин профсоюз уюмунун жыйналышынын токтому менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII– чакырылышын кезектеги III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Чарбак айылынын тургундарынын арызы канаттандырылсын.
2. Могол айыл аймагынын Чарбак айылындагы №16 К.Рахманов атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун 2017-жылдын 13-февралындагы токтому бекитилсин.
3. Могол айыл аймагынын Чарбак айылындагы №16 К.Рахманов атындагы орто мектебине заманбап жаңы имарат курулуп бүтүрүлүп пайдаланууга берилгендигине байланыштуу бош калган эски имаратына 75 орундуу бала бакча ачууга макулдук берилсин.
4. Бала бакчага штат ачуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усеновдон суралсын.
5. Бала бакча ачууга зарыл болгон иш кагаздарын бүтүрүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеңешинин алдындагы элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |