Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 7
Могол айыл аймагынын Чкалов айылына өтүүчү көпүрөнү айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Могол айылдык Кеңешинин аймагындагы Чкалов айылына өтүүчү көпүрөнү азыркы күндө авариялык абалда тургандыгы жөнүндө райондук Жарандык Коргонуу комиссиясынын актысы менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII– чакырылышын кезектеги III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кеңешинин аймагындагы Чкалов айылына өтүүчү көпүрө Могол айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Чкалов айылына өтүүчү көпүрө азыркы убакта авариялык абалда тургандыктан көпүрөнү оңдоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |