Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 8
С.Далбаев атындагы №17 гимназия мектебинин спортзалына наам берүү жөнүндө
Могол айылдык Кенешинин Ооган-Талаа айылындагы С.Далбаев атындагы №17- гимназия мектебинин педагогикалык кеңешмесинин 2017-жылдын 1-февралындагы мектептин спортзалына наам берүү жөнүндөгү токтому менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII– чакырылышын кезектеги III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы С.Далбаев атындагы №17- гимназия мектебинин педагогикалык кеңешмесинин 2017-жылдын 1-февралындагы мектептин спортзалына наам берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. С.Далбаев атындагы №17 гимназия мектебинин спортзалына айылдын тургуну, ардактуу мугалим - маркум Омурзаков Каримдин аты берилсин.
3. Токтомго ылайык иш чараларды жүргүзүү С.Далбаев атындагы №17- гимназия мектебинин директоруна тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеңешинин алдындагы элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |