Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 10
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн жазылган кичи долбоорлорго көмөк көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген «Могол айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу» жана «Ооган –Талаа айылындагы №6 Тоо-Гүлү балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу» кичи долбоорлорунун элдик салымына көмөк көрсөтүлсүн.
2. Колдоого алынган «Могол айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу» инвестициялык микродолбооруна өздүк салымын камсыздоо максатында жергиликтүү бюджеттен 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Колдоого алынган «Ооган –Талаа айылындагы №6 Тоо-Гүлү балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу» инвестициялык микродолбооруна өздүк салымын камсыздоо максатында жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебинен 60 000 (алтымыш миң) сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 000 (элүү миң) сом, жалпысы 120 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |