Редакцияот 22.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VII заседаниясы

 

2013-жылдын 22-июлу № 7/1

Элди социалдык жактан коргоо, пенсия, жөлөк пулдардын төлөнүшүнүн абалы, байланыш бөлүмдөрүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элди социалдык жактан коргоо, пенсия, жөлөк пулдардын төлөнүшү боюнча айыл өкмөттүн соц.кызматкери Ж.Темирбаева жана соц.инспектор С.Рысмаматованын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен иштөө комиссиясынын аткарган иштери «канаатандырарлык» экендиги белгиленсин.

2. Айыл өкмөткө караштуу Жаңы-Турмуш жана Миязды байланыш бөлүмдөрүнүн аткарган иштери кемчиликтерди эске алуу менен «канаатандырарлык» экендиги белгиленсин, ошондой эле ардагерлер, майып мүмкүнчүлугү чектелген атуулдар менен тыгыз байланышта иш алып барышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине , ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев