ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниясы
2013-жылдын 25-ноябрь № 8/1
Айыл өкмөттүн калкынын отун, көмүр, жем, чөп, тоют менен камсыз болушу жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты отун, көмүр, жем, чөп, тоют менен камсыздоо жаатында айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштердин «канааттандырарлык» экендиги белгиленсин.
2. Калкты көмүр менен камсыздоо жана керектүү өлчөмдөгү көмүргө билдирүүлөрдү даярдап, 3 (үч) күн мурун райондук администрацияга берүү жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |