Редакцияот 25.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниесы

2013-жылдын 25-ноябры № 8/2

Айыл өкмөттүн калкына келген гуманитардык жардамдардын таратылышы жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн социалдык жактан аялуу катмарына келген гуманитардык жардамдардын туура таратылышы боюнча аткарылып жаткан жумуштар кемчиликтерди эске алуу менен «канааттандырарлык» экендиги белгиленсин.

2.Калктын социалдык жактан аялуу катмары ( оорукчан, майып, жалгыз бой, жетим жана жесир) айыл башчылар тарабынан толук изилденип, такталып, даректүүлүктөрү аныкталып , гуманитардык жардамды туура бөлүштүрүү жагы эске алынсын.

3. Гуманитардык жардамды таркатууда комиссиянын курамы туура жана так иш алып барышсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн соц.кызматкери Ж.Темирбаевага ошондой эле көзөмөлдөө жагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия курамына тапшырылсын.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев