Редакцияот 25.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын VIII заседаниясы

2013-жылдын 25-ноябры № 8/3

Жошолу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2013-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш абалдары берилген билдирүүлөрдүн негизинде алгылыктуу жүрүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Берилген билдирүүлөрдүн жана маалыматтардын негизинде айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин 2013-жылдын 9 ай ичинде аткарган иш аракеттери депутаттардын колдоосу менен “канааттандырарлык” деп баалансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жүктөлсүн.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев