ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV заседаниеси
2014-жылдын 22-декабры № 15/2
Айыл өкмөтүндө чет элдик жана Ата Мекендик инвестиция менен иштөөнүн абалы жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагына тартылган Ата Мекендик инвестициянын көлөмү 26,424,221 (жыйырма алты миллион төрт жүз жыйырма төрт миң эки жүз жыйырма бир) сом , чет элдик инвестициянын көлөмү 3,128,000 (үч миллион бир жүз жыйырма сегиз миң) сом ,демөөрчүлөр тарабынан тартылган инвестициянын көлөмү 2,165,000 (эки миллион бир жүз алтымыш беш миң) сом, жалпы тартылган инвестиция 35,707,221 (отуз беш миллион жети жүз жети миң эки жүз жыйырма бир) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл аймагына тартылган жалпы инвестициянын көлөмү «канаааттандырарлык» деп эсептелсин.
3. 2015-жылга карата инвестициянын көлөмүн 2014-жылга салыштырмалуу көбөйтүү, жогорулатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |