ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII заседаниеси
2015-жылдын 5-февралы № 17/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2015-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен жетишпеген жана керектүү статьяларга бөлүп берүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2015-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен Жошолу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде төмондөгү беренелерге бөлүнүп берилсин:
№ | Разделдер
| Статья | Сумма | Эмне үчүн |
1 | 701 | 2215 | 18,0 | резервдик ротага форма тиктирүү |
2 | 701 | 2222 | 40,0 | Кредитордук карыздар үчүн |
3 | 709 | 2221 | 15,0 | С.Төрөшев мектебинин ремонту үчүн |
4 | 709 | 2221 | 16,0 | К.Турганбаев мектебинин ремонту үчүн |
5 | 709 | 3111 | 100,4 | Мектепке чейинки балдар мекемесине жабдыктарды алуу үчүн |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын керектүү статьялар боюнча туура, максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн бөлум башчысына милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн статьяларга кошумча план киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |