Редакцияот 05.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII заседаниеси

 

2015-жылдын 5-февралы № 17/6

Жаңы-Турмуш айылына үй шартында бала бакча ачуу жөнүндө

Жаңы-Турмуш айылынын 2015-жылдын 28-январындагы №1 протоколун жана айылдык кеңештин депутаты Абдылдаев Темиржандын сунушун карап чыгып жана талкуулап

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Турмуш айылындагы элдик жыйындын 2015-жылдын 28-январындагы №1 протоколунун негизинде аталган айылга 6 жашка чейинки балдарды бала бакчага тартуу жана тарбиялоо максатында Макаев Таалайбектин үйүнө үй шартындагы «Үмүт шооласы» аттуу балдар бакчасы ачылсын.

2. Балдар бакчасында эмгектенген тарбиячылардын жана жумушчулардын эмгек акысы, балдардын тамак-ашына кеткен акча каражаттар убактылуу балдардын ата-энелеринен топтолгон акча каражатынын эсебинен төлөнүп берилсин.

3. Бала бакчага тиешелүү документтерди, иш кагаздарды даярдоо, материалдык-техникалык базасын түзүү жагы балдар бакчасын ачуу боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун жетекчиси Б.Адыровага тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл жооптуу катчы А. Абдиевага жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин

төрагасы

 

А. Иманахунов.