Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 01-5/132
Аймактык оорукананын абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 11-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/77 токтому менен бекитилген шаардык Кеңештин 2014-жылга түзүлгөн иш-пландын 18-пунктуна ылайык, Кочкор-Ата шаарындагы аймактык оорукананын абалы жана К.Ажибаеванын оорукананын балдар бөлүмүндөгү кемчилдиктер тууралуу жазаган арызы жөнүндө шаардык Кеңештин «социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын балдар бөлүмүндө матрастардын абалы начар экендигин, санузелдин иштебегендиги, төрөт бөлүмүндө токтоосуз суунун келишинин жоктугу боюнча кемчилдиктер айтылган маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32жана 33-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Т.Акматованын маалыматы жактырылсын.
2. Аймактык оорукана боюнча «Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген сунушунун мыйзамдуулугун «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына карап чыгуусу тапшырылсын.
3. Аймактык ооруканын төрөт жана балдар бөлүмү боюнча айтылган кемчилдиктер эске алынсын.
4. Төрөт жана балдар бөлүмдөрү жайгашкан имараттын ичин капиталдык ремонттон өткөрүү максатында чыгымдын сметасын тезинен иштеп чыгуу аймактык оорукананын башчысы З.М.Эрменовго жана мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Артыков |