Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
2015-жылдын 27-февралы № XX-5
«Ноокат Коммунальщик» ачык типтеги акционердик коомунун азыркы күндө колдонулуп келе жаткан коммуналдык тарифтери жана калькуляцияларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы күндө колдонулуп келе жаткан комуналдык тарифтери жана калькуляциялары бүгүнкү күндө инфляциянын негизинде өзүн-өзү актабай калгандыгына байланыштуу “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги коомунун аткарып жаткан иштеринин сапаттуу аткарылышы үчүн жаңыча тарифтерди жана калькуляцияларды кабыл алуу жана өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун аткарган иштери боюнча 2015-жылдын 25-февралында Ноокат шаардык кеңешине жазган №8 катын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы мезгилде колдонулуп келе жаткан коммуналдык жаны тарифи төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
№ Аталышы Көлөмү Суммасы
1 Катуу типтеги акыр-чикирге 1 адамга ар ай сайын 30 сом
2 Суюк типтеги акыр-чикирге 1 адамга ар ай сайын 30 сом
3 Жалпысы: 1 адамга ар ай сайын 60 сом
2. “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун азыркы мезгилде колдонулуп келе жаткан жаны калькуляциясы төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
№ Аталышы Көлөмү Суммасы
1 Автомашина ЗИЛ-130 менен көчөнү тазалоо жана жуу 1 каттам үчүн 1754 сом
2 Т-40 трактору менен көчөнү тазалоо жана жуу 1 каттам үчүн 1540 сом
3 МТЗ-82.1 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу 1 каттам үчүн 2527 сом
4 МТЗ-82.1-14 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу 1 каттам үчүн 2464 сом
5 Автомашина ГАЗ-3309 менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу 1 каттам үчүн 2485 сом
6 Автомашина ГАЗ-3309 АС менен суюк типтеги акыр-чикирлерди ташуу 1 каттам үчүн 2700 сом
3. “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомуна жаны комуналдык колдонулуучу тарифтерди жана калькуляцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнга салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
4.Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун колдонулуп келе жаткан жаны комуналдык тарифтери жана калькуляциялары 2015-жылдан баштап колдоонуга киргизилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |