Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
2015-жылдын 27-февралы № XX-6
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын Жами көчөсүнүн №9 үйүнүн тургуну Адинаева Хатичахон Турдикуловнага тиешелү болгон жеке менчик 410 чарчы метр жер аянтынын багыты курулуш материалдарын сатуучу коммерциялык дүкөн, элита пардаларды тигүүчү чеберкана, машиналарды жууп тазалоочу жай деп өзгөртүлсүн.
2.Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнүн №46 үйүнүн тургуну Жороева Гулнара Абиевнага тиешелү болгон, борбордук оорукананын түндүк- чыгыш тарабындагы Ленин көчөсү менен Эргашев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жалпы аянты 300,0 чарчы метр жер тилкесинин багыты заманбап соода дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
3.Ноокат районунун Фрунзе көчөсүнүн тургуну Камилжанов Ахмадилла Абдурахмановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын аймагындагы А.Лутфуллаев көчөсүндөгү жеке менчик жер аянтынын 906 чарчы метрнин ичинен 105 чарчы метринин багыты вулканизация, 123 чарчы метри техникалык тейлөө жана автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн, 58 чарчы метри соода дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
4.Ноокат шаарынын Ош көчөсүнүн тургуну Мирзажанов Туйчивай Каримжановичке тиешелү болгон жеке менчик 2000 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 152 чарчы метринин багыты соода-сатык деп өзгөртүлсүн.
5.Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүнүн Киргизбаев көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Ураимова Насибахон Октамжановнага тиешелү болгон Ноокат шаарына караштуу Жами көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 136 чарчы метр үч кабаттуу турак жайынын подвалынын багыты соода дүкөнү, техникалык тейлөө жана автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн, курулуш материалдарын сатуучу коммерциялык дүкөн, сварка иштерин кылуу дүкөнү, универсал соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
6.Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургуну Абдужаббаров Хабибилла Шахабовичке тиешелүү болгон, базардын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 135,2 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратын багыты заманбап соода дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
7.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |