Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
2015-жылдын 27-февралы № XX-7
Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен Ноокат шаардык мэриясы ортосунда “Дос шаар” катары биригүү ниетиндеги достукту жемиштүү бекемдөө жөнүндө
Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен Ноокат шаардык мэриясы ортосунда экономика, билим берүү, маданият жана туризм тармактары боюнча “Дос шаар” катары мамиле түзүү, биригүү ниетиндеги достукту бекемдөө, жемиштүү кызматташуу жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен Ноокат шаардык мэриясы ортосунда экономика, билим берүү, маданият жана туризм тармактары боюнча “Дос шаар” катары мамиле түзүү, биригүү ниетиндеги достукту бекемдөө, жемиштүү кызматташуусуна макулдук берилсин.
2. Туркия мамлекетинин Шаңлыурфа шаар мериясы менен Ноокат шаардык мэриясы ортосунда экономика, билим берүү, маданият жана туризм тармактары боюнча “Дос шаар” катары мамиле түзүү, биригүү ниетиндеги достукту бекемдөө, жемиштүү кызматташуусу жөнүндө тийиштүү иш-чараларды көрүү жагы Ноокат шаарынын мэри Тургунбаев Өмүрбек Жоробаевичке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |