Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму
2015-жылдын 27-февралы № XX-8
Ноокат шаарына караштуу Ленин көчөсүндө жайгашкан Чечме-Сай автобекетинин жанынан баштап А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына чейин автотоктом уюштуруу жөнундө
Ноокат шаарына караштуу Ленин көчөсүндө жайгашкан Чечме-Сай автобекетинин жанынан баштап А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына чейин автотоктом уюштуруу жөнундө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарына караштуу Ленин көчөсүндө жайгашкан Чечме-Сай автобекетинин жанынан баштап А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына чейин автотоктом уюштуруулусуна маакулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |