Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 18-1
Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы аткарган иштеринин отчету тууралуу
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан мектептердин, № 9-ҮБДТнун, балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарып жаткан иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен алган акчаларды максатуу пайдалануусунун абалы, айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы аткарган иштери тууралуу берген отчету канаттандырарлык деп баалансын.
2. Бюджеттен бөлүнүп берилген акчаныны жеринде иштетилишин катуу көзөмөлгө алуунун жоопкерчилигин өз мойнуна алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Арбын орто мектебине төгүлө элек көмүрдү тез арада төктүрүп берүүнү колго алуусу тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше алып келе турган өнөр жай ишканаларын куруу боюнча долбоорлор менен иштөөгө көбүрөөк көңүл буруусу милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А.. |