Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 18-2
Шаңкол айылына чыгуучу аймактын балансасындагы борбордук көчөнү транспорт-коммуникациялык курулуш министрлигинин алдындагы мамлекеттик жол көзөмөлдөө органынын балансасына өткөрүп берүү тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын Арбын, Шаңкол айылдарына чыгуучу борбордук көчөнү транспорт-комуникациялык курулуш министрлигинин алдындагы мамлекеттик жол көзөмөлүнүн балансасына өткөрүү тууралуу чечим чыгарып берүү тууралуу суранычын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол айылдарына чыгуучу борбордук көчөнү транспорт-комуникациялык курулуш министрлигинин алдындагы мамлекеттик жол көзөмөлүнүн балансасына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, жогору жактарга жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |