Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 18-3
Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына коюлган эстеликти айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына коюлган эстеликтин жанындагы мурдагы айылдык кеңештин имаратын жери менен кошо сатылып кеткендигине байланыштуу ал жерди кайрадан айыл өкмөтүнүн эсебинне алуу менен эстеликти жаңылоо тууралуу маселени айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына коюлган эстеликтин жери менен кайрадан айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Ал жердин ээси Малабеков Төрөбайга башка жерден 0,08 га жер аянты сатылып берилсин.
3. Эстеликти жаңыдан кайрадан реконстукциялоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |