Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги он тогузунчу сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 19-5
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан жайыт жерлеринин ижара акысын көтөрүү тууралуу
Ноокат району боюнча жайыт жерлердин ижара акысы эң төмөн Кеңеш айыл аймагында жайгашкан жайыт жерлеринин ижара акысы болгондуктан, анын баасын көтөрүп берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагаы Н.Карыбековдун сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жактырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагында жайгашкан жайыт жерлеринин ижара акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: -суулуу бак 0,01га 25 сом; -кайрак бак 0,01 га 17 сом; -кайрак чөп чабынды (Ак-терек, Как, Кара-таш участкаларында) 1 га 400 сом; -Шаңкол, Арбын чөп чабынды алган жерлердин аз көбүнө жараша 1 га 300 сом; -Шаңкол айылындагы ижарага алынган чөп орунду жерлер 1 га 1000 сом .
3. Ижара акыларын өз убагында жыйноо жана мыйзамдуу ишетүү жагы жыйыт комитетине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |