Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги он тогузунчу сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 19-4
Ноокат-Куу-майдан-Арбын-Шаңкол айылдарына элдердин суроо-талаптарын эске алуу менен маршруттук каттам жүргүзүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагынын жашоочуларынын көпчүлүгүнүн тиричилиги Ноокат шаарында өткөндүктөн жана азыркы учурда такси каттамдарынын жол акысы кымбаттагандыктан, элдердин суроо-талаптары боюнча Ноокат-Куу-майдан-Арбын_Шаңкол айылдарына маршруттук каттам жүргүзүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан, Арбын, Шаңкол айылдарынын жашоочуларынын суроо-талаптары канаттандырылсын.
2. Ноокат-Куу-майдан-Арбын_Шаңкол айылдарына маршруттук каттам жүргүзүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |