Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги он тогузунчу сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 19-6
Кеңеш айыл аймагындагы элдер тарабынан жайыт комитети түзүлгөнгө чейин өздөштүрүп алган жерлерди которуп берүү жана ижара акысын белгилеп берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагындагы элдер тарабынан жайыт комитети түзүлгөнгө чейин өздөрү өздөштүрүп алган калктуу конуштун ичиндеги, ошондой эле айдоо жерлеринин арасында турган кашаттардагы бактар жана чөп чабындылар жайыт жерлеринин картасына түшүп калган. Ошондуктан ал жерлерди көп жылдык бактар жана чөп чабынды багытындагы жерлерге которуп берүүнү жана ижара акысын белгилеп берүүнү суранган айыл өкмөтүнүн жер адиси Ташполот уулу Бексултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жактырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагындагы элдер тарабынан жайыт комитети түзүлгөнгө чейин өздөрү өздөштүрүп алган калктуу конуштун ичиндеги, ошондой эле айдоо жерлеринин арасында турган кашаттардагы бактар жана чөп чабындылар жайыт жерлеринин картасынан айыл өкмөтүнүн көп жылдык бактар жана чөп чабынды багытындагы жерлерге которулуп берилсин.
3. Көп жылдык бактардын 0.01 га 25 сом; чөп чабындысы 0,01 га 10 сом деп ижара акысы бекитилсин.
4. Тиешелүү документтердин иш-кагаздарын түзүп, мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |