Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги он тогузунчу сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 19-7
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан маданий эстеликтерди, көпүрөлөрдү жана эч кандай каттоодо жок жерлерди муниципалдык менчикке алуу тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алдындагы В.И.Лениндин эстелигин, Калыева Алма көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигин, Шаңкол айылындагы Жаманбаев Маматали көчөсүндөгү көпөрөнү, А.Акаев көчөсүндөгү, Матназаров Малабек атындагы көпөрөнү, Шаңкол айылы менен Арбын айылын бириктирген көпөрөнү, Куу-майдан айылындагы Т.Абдуллаева көчөсүндөгү көпөрөнү жана эски малкананын тоют базасы болуп турган айыл чарбасына жараксыз азыркы мезгилде эч кандай каттоодо турбаган жерден элдин социалдык структурасын жогорулатиуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү үчүн кичи ишканаларды өнүктүрүү максатында курулуштарды куруу үчүн 2,0 га жерди муниципалдык менчикке алып берүү тууралуу жер адисинин сунушун жана айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жактырылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алдындагы В.И.Лениндин эстелигин, Калыева Алма көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигин муниципалдык менчикке алып, реставрациялоо иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл аймагында жайгашкан бардык көпөрөлөр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
4. Куу-майдан айылындагы эски малкананын тоют базасы болуп турган айыл чарбасына жараксыз азыркы мезгилде эч кандай каттоодо турбаган жерден элдин социалдык структурасын жогорулатиуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү үчүн кичи ишканаларды өнүктүрүү максатында курулуштарды куруу үчүн 2,0 га жерди муниципалдык менчикке алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |