Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын XIII сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 1

Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Адыр айылындагы Луговая көчөсүндө жайгашкан борбордук стадионду түркү берүүчү грант аркылуу капиталдык оңдоодон өткөрүү иштерин аткарууда, долбоордун сметалык баасынын 20% өздүк салымы үчүн бюджеттен каражат бөлүп берүү максатында Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айылдык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинен Кызыл-Адыр айылындагы борбордук стадионго түрткү берүүчү грант тарабынан талап кылынган 20% өздүк салым үчүн, 738675 (алты жүз токсон тогуз миң тогуз жүз кырк бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Бейшеновага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков