Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели №1
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин убактылуу милдетин аткаруучу Р.Качканаковдун жана айылдык кеңештин бюджет экономика боюнча комитетинин отчетторун угуп, алымча кошумча сунуштарды эске алуу менен Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ар бир үч ай сайын бюджеттин аткарылышы каралып турсун.
3. Кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысы А.Бейшенова иш алып барсын.
4. Токтомду аткаруу жагын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Усупбеков |