Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 2
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңеши Кара-Буура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин убактылуу милдетин аткаруучу Р.Качканаковдун маалыматы жана бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Токторалиевдин маалымат боюнча Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга кирешелер бөлүгү 29 475,6 миң (жыйырма тогуз млн. төрт жүз жетимиш беш миң алты жүз) сом, анын ичинен 2 632,0 миң (эки млн. алты жүз отуз эки миң ) сом атайын эсептен балдардын тамактануусуна, 1000,0 миң(бир млн.) сом категориалдык грандтан.
Чыгашалар бөлүгү 29 475,6 миң (жыйырма тогуз млн. төрт жүз жетимиш беш миң
алты жүз) сом өлчөмдө бекитилсин. (киреше жана чыгаша бөлүгүнүн тиркемелери тиркелет)
2. Жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджеттен оңдоолор жана түзөөлөр, статьядан статьяга, разделден разделге которуулар Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Бейшеновга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |