Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 4
Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Адыр айылындагы М.Орозбеков атындагы орто мектептин спорт залын жана актовый залын капиталдык ремонттон түрткү берүүчү грант аркылуу долбоордук сметалык баасынын 20% өздүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүп берүү максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинен Кызыл-Адыр айылындагы М.Орозбеков атындагы орто мектептин спорт залын жана актовый залын капиталдык ремонттоого түрткү берүүчү грант тарабынан талап кылынган 20,78% өздүк салым үчүн, 786 979 (жети жүз сексен алты миң тогуз жүз жетимиш тогуз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Анын ичинен өздүк салымдын 50% накталай акча түрүндө 393 490 (үч жүз токсон үч миң төрт жүз токсон) сом айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
- Калган өздүк салымдын 50% болгон 393489 (үч жүз токсон үч миң төрт жүз сексен тогуз) сом акча каражаты материал жана эмгек ресурсун камсыздоого жумшалсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Бейшеновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |