Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 5
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
2014-жылдын 4-июнунда Москва шаарында окуучулар арасында өтүүчү эл аралык олимпиадага Кызыл-Адыр айылындагы Т.Бабанов атындагы лицейдин 10 - классынын окуучусу Алайбек кызы Толгонойдын жол кире чыгымдарын төлөп берүү максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Бабанов атындагы лицейдин 10- классынын окуучусу Алайбек кызы Толгонойдын Москва шаарына баруучу жол кире чыгымдары айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Бейшеновага милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу жагын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |