Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-июну № 1
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-айында бюджетинин аткарылышы тууралуу
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-айында бюджетинин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин убактылуу милдетин аткаруучу Р.Качканаковдун жана айылдык кеңештин бюджет экономика боюнча комитетинин отчетторун угуп, алымча кошумча сунуштарды эске алуу менен Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы 5-айлык бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бюджетти толтуруу багытында айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жетишерлик эмес деп белгиленсин.
3. Токтомду аткаруу жагын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Усупбеков |