Редакцияот 02.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

2014-жылдын 2-октябры № 2

Кара-Буура айыл өкмөтүнүн социалдык объектилеринин 2014-2015 күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө

Кара-Буура айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Бейшенованын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн социалдык объектилеринин 2014-2015 күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө  тууралуу  маалыматын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-2015 күз-кыш мезгилдерине даярдыктары канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотов айылдык кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча комитети менен биргеликте 2014-2015 күз-кыш мезгилдеринен өтүү боюнча иш чара иштеп чыксын жана аткарылышын камсыз кылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков