Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-ноябры № 1
Кара-Буура районунда техникалык тейлөө боюнча муниципалдык ишканасын ачууну колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын стратегиялык планында каралган айыл элин ичүүчү суу менен камсыздоо программасын колдоо максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында техникалык тейлөө боюнча муниципалдык ишканасын ачуу маселеси колдоого алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент жана муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитеттерине тапшырылсын
Төрага | Н. Усупбеков |