Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 2
Жерлердин категориясын өзгөртүп, бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кара-Буура токой чарбасынын маселелери жөнүндө” №487 токтомунун 3-пунктунун жана Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 19-декабрындагы №209 буйругунун негизинде Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура токой чарбасынын жерлерин “Токой фондусунун жерлери” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына “Ак-Зоо” участкасынан 680,5га, “Маймурун” участкасынан 27,5га токой тилкелерин которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент жана муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитеттерине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |